AVN







“Химия” кафедрасында алдын-ала коргоодон өткөрүлгөн илимий эмгек

“Химия” кафедрасында  алдын-ала коргоодон өткөрүлгөн  илимий эмгек
 Jan 29, 2018  1209

2018-жылдын 26-январь күнү  Табигый-техникалык факультетинин  “Химия”  кафедрасында  кезектеги  кеңейтилген жыйыны болуп өттү. Жыйынды “Химия” кафедрасынын башчысы  п.и.к., доцент Н.Б.Арстанбекова алып барып, өз сөзүндө жыйынга Табигый-техникалык факультетинин  биология, ветеринария, электроэнергетика кафедрасынын, медицина факультетинин  фармация, медико-биологиялык, анатомия кафедрасынын окумуштуулары, ОшМУнун Табият-таануу жана география факультетинин профессору, х.и.д., Д.Т.Алтыбаева, медицина факультетинин доценти, х.и.к. М.А,Туленбаевалар катышып жаткандыгын айтуу менен, күн тартибиндеги маселе менен тааныштырды.    Анда окутуучу Маматураимова  Назгуль Абдулмиталиповнанын   “Цинктин, кобальттын, никелдин гексаметилентетрамин менен координациялык бирикмелеринин синтези, түзүлүшү жана касиеттери” – деген темада  02.00.01 –  органикалык эмес химия адистиги боюнча химия илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазган диссертациясын талкуулоо маселеси каралды. Илимий жетекчиси х.и.д., профессор Алтыбаева Д.Т.

Изденүүчү өз сөзүндө илимий ишинин актуалдуулугу, иштин максаты жана милдеттери, илимий жаңылыгы, практикалык баалуулугу, изилдөөдөн келип чыккан корутундулар жана жыйынтык­тары, изилдөө ишинде алынган натыйжалардын апробациясы жана практикага киргизилиши жөнүндө аналитикалык маалымат берди.

Диссертант гексаметилентетраминдин металлдар менен комплекстүү бирикмелеринин мейкиндик жана электрондук түзүлүшүн  эсептик-теориялык анализдөө, координациялык бирикмеден жаңы жол менен оксидди алууну иштеп чыккан.

Изилдөөнүн натыйжалары Эл аралык жана республикалык конференцияларда талкууланган. Изилдөө темасы боюнча изденүүчүнүн 9 илимий макаласы жарыяланган жана 2 патент алынган.     

Диссертациялык талкууда окумуштуулар  изденүүчүнүн  жалпылоолору,  корутунду­лары жана сунуштары буга чейинки теориялык усулдук-иликтөөлөр аркылуу бекемделгендиги менен ишенимдүү экендигин  айтуу менен бирге эле, алынган натыйжалар теориялык жактан да, практикалык жактан да маанилүү экендигин баса белгилешти.   

Изденүүчү Н.А.Маматураимованын  жүргүзгөн  көп жылдык илимий иши жогору бааланып, диссертациялык иши коргоого сунушталды.

Бул корголо турган диссертация “Химия” кафедрасынын тарыхындагы 10- илимий эмгек.