AVN







МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ЖАМУда

МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ЖАМУда
 Sep 17, 2021  538

Бүгүн КРнын Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында окуу жайдын профессордук окуутуучулар курамы  жана район шаарлардан келген мектепттердин директорлору менен жолугушту.    

Жолугушууда министр жалпы билим берүү тармагында эмгектенген эжей-агайларды  жаңы 2021-2022- окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Аны менен катар ал, мугалимдерге - “Дүйнөнү каптаган карона вирус илдети жайылганда өмүрүңөрдү тообокелге салып аралыктан балдарга үзгүлтүксүз билим бердиңер силер азыркы замандын баатырысыңар, силерге таазим” –деди.

Район шаарлардан келген мектеп директорлору тарабынан эскилиги жеткен авариялык абалдагы мектептер, спорт залдардын жетишсиздиги өңдүү көйгөйлөр айтылды. Андан тышкары министрден мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктаган окуучуларга жогорку окуу жайга кабыл алууда артыкчылыктар же жеңилдиктер берилбей жатканына көңүл буруп коюуну суранышты.

Ошол эле учурда облус аймагындагы билим берүүчү мекемелердин кызматкерлеринин көпчүлүгү ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү экендиги, кадр жетиштирүүдө окуу жайдын ролу зор экендиги мектеп директорлору тарабынан айтылды. Соңунда министр окутуучуларды ынтымакка чакырып,-“Биргеликте гана бийик максаттарды ишке ашырабыз. Бөлүнбөй бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы”,-деди.    

 

  • МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ЖАМУда
  • МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ЖАМУда
  • МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ЖАМУда
  • МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ЖАМУда
  • МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ЖАМУда
  • МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ЖАМУда
  • МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ЖАМУда