AVN

ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ АКЫЛГА ТИРЕК, ӨМҮРГӨ ӨРНӨК, ЖАШТАРДЫН ӨНҮГҮҮ БОРБОРУ

 Sep 16, 2021  1202

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети окуу жайдын студенттерин жылуу тосуп алды. Окуу жайдын маданий эстетикалык борбору тарабынан концерттик программа уюштурулуп таланттуу студенттер өз өнөрлөрүн тартуулашты. Иш-чарага ЖАМУнун ректору т.и.д., профессор Кеңешбек Усенов, окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы жана биринчи курска кабыл алынган студенттер катышты. Окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов студенттерди билим күнү менен куттуктап, окуу жай жүз жылдык тарыхкка ээ экендигин, Эл аралык аренада татыктуу орду  бар экендигин баса белгиледи. Аны менен катар биринчи курска кабыл алынган студенттерге,- “Мектепти аяктап, келечек үчүн татыктуу билим алуу максатында  ЖАМУну тандап туура кадам жасагансыздар биздин окуу жай сиздерге татыктуу билим, ар тараптуу колдоо, түрдүү мүмкүнчүлүк бере алат”,-деди.

Окууда, коомдук иштерде жана спортто, ийгилик жараткан студенттер Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети акылга тирек, өмүргө өрнөк, жаштардын өнүгүү борбору экендигин баса белгиледи. Эң негизгиси жаңы келген студенттерди эмгектен талбай билим алууга, окуу жайдын коомдук турмушуна активдүү катышууга, ар тараптуу өсүп өнүгүүгө аракет жасоого чакырды.

Эске салсак, дүйнөнү каптаган каронавирус илдетинен улам түзүлгөн пандемиялык шартта окуу жай эки жылдан бери өзүнүн студенттерине аралыктан үзгүлтүксүз билим берип келген.  Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде баардыгы болуп 10 000ден ашуун студент билим алат аларга 1000ге чукул окутуучу билим берет.

  • ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ АКЫЛГА ТИРЕК, ӨМҮРГӨ ӨРНӨК, ЖАШТАРДЫН ӨНҮГҮҮ БОРБОРУ