AVN







ЖАМУда БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНЕТ

ЖАМУда БИЛИМ  КҮНҮ БЕЛГИЛЕНЕТ
 Sep 14, 2021  745

Эртең, 15-сентябрь күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуу жылынын ачылышына карата билим күнү белгиленет.

Иш-чарага окуу жайдын ректору, т.и.д., профессор Кеңешбек Усенов,  окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы,  абитуриенттер жана окууда, спортто ийгилик жараткан студенттер катышышат.

Аны менен катар келген конокторго окуу жайдын маданий-эстетикалык борборунун кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланат.