AVN







ЖАМУНУН БОЗ ҮЙҮ МЫКТЫ ДЕП АНЫКТАЛДЫ

ЖАМУНУН БОЗ ҮЙҮ МЫКТЫ ДЕП АНЫКТАЛДЫ
 Sep 13, 2021  797

Эгемендүүлүк күнүнө карата Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети 2 боз үй тигип, бирөөсү мыкты деп аныкталды.

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата шаардык мэрия тарабынан улуттук баалуулуктарды, маданий-тарыхый мурастарды даңазалоо максатында   улуттук колоритке жооп берген мыкты боз үйлөргө сынак уюштурулган. Атайын комиссиянын чыгарган жыйынтыгына ылайык Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин кызматкерлери тарабынан тигилген боз үй биринчи орунду камсыздады.  Шаардык мэрия тарабынан 10 000 сом сый акы салтанаттуу тапшырылды.

Белгилей кетсек, эгемендүүлүк күнүнө карата шаардын “Эркиндик” аянтына  мекеме-ишканалар тарабынан 30 боз үй тигилген.

  • ЖАМУНУН БОЗ ҮЙҮ МЫКТЫ ДЕП АНЫКТАЛДЫ