AVN







МАГИСТРДИК ДИССЕРТАЦИЯНЫ ЖАЗУУНУН ЖОЛДОРУ ЖАНА ЖОБОСУ

МАГИСТРДИК ДИССЕРТАЦИЯНЫ ЖАЗУУНУН ЖОЛДОРУ ЖАНА ЖОБОСУ
 Sep 10, 2021  812

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун “Магистратура жана PhD” бөлүмү  тарабынан уюштурулган “Магистрдик диссертацияны жазуунун жолдору жана жобосу” аталыштагы онлайн-семинар болуп өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө окуу иштери боюнча проректор тех.и.д., проф. Алибаев А.П. магистранттардын алдында чоң жоопкерчилик тургандыгын, магистрдик диссертациянын маанилүүлүгүн, ордун, окуу процессинин аягына чыкканга чейин магистранттардын талыкпай эмгектенүү керектигин белгиледи.

Филос.и.к., доц. Токтогулова Г.Т. “Магистрдик изилдөө ишинин жол-жоболору” деген темада магистранттардын ишинин үстүндө иштөөсүндө көңүл буруучу, эске алынуучу маселелер жөнүндө мазмундуу, көлөмдүү баяндама жасады.

Магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы, филол.и.к., доц. Чокоева Д.М. магистранттардын алдына коюлган максат, милдеттери жөнүндө айтып, илимий практиканын жүрүшүндө жасалуучу иштерди, кадамдарды айтып, алардын алдындагы илимий-изилдөөчүлүк практиканы соңуна чыгаруу үчүн активдүү изденүүчүлүк менен иш алып баруу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле магистрдик диссертациянын мазмунуна, көлөмүнө, түзүлүшүнө коюлуучу талаптар боюнча сөз сүйлөдү.

Магистранттар жана практика, билим берүү программаларынын жетекчилери семинардын мазмундуу болгондугун белгилешип, ушундай семинарлар дагы уюштурулуп турушун сунуштап, ыраазычылыктарын билдиришти.    

  • МАГИСТРДИК ДИССЕРТАЦИЯНЫ ЖАЗУУНУН ЖОЛДОРУ ЖАНА ЖОБОСУ
  • МАГИСТРДИК ДИССЕРТАЦИЯНЫ ЖАЗУУНУН ЖОЛДОРУ ЖАНА ЖОБОСУ