БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
Sep 10, 2021 479
Жалал-Абад колледжинин «Электр менен камсыздоо», «Электр станциялары, тармактар жана системалар» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн ЭС-2-19, ЭСС-2-19 группаларынын өндүрүштүкпрактикасынынын алдындагы конференциясы болуп өттү. Конференцияга жалпы 38 студент катышып, өндүрүштүк практикада аткарыла турчу жумуштары жана практиканын максаты менен таанышышты.
Конференцияга ЖАКтын өндүрүш практика боюнча директордун орун басары Кайкиева Үлпат, аталган колледждин карьера бөлүмүнүнбашчысыОсмоноваМайрам жана практика жетекчилери Курбанов А. Алимбаева Г., Сайназаров Э., Маматалиева Х. жана «Энергетика жана физика» ПЦКсынын төрайымы Шаимкулова С. катышышты.
Конференциянын жүрүшүндө студенттердин отчет, күндөлүктөрүн толтуруу эрежелерин, ошондой эле практика аягындагы презентацияларды даярдоого багыт берилди.Башкысы студенттер 6 жума аралыкта аткарылуучу жумуштарды жол картадан окуп билишти .
Конференциянын соңунда студенттерге ийгилик каалоо менен жолдомолор колдоруна берилди.
Жалал-Абад колледжинин «Электр менен камсыздоо», «Электр станциялары, тармактар жана системалар» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн ЭС-2-19, ЭСС-2-19 группаларынын өндүрүштүк практикасынынын алдындагы конференциясы болуп өттү. Конференцияга жалпы 38 студент катышып, өндүрүштүк практикада аткарыла турчу жумуштары жана практиканын максаты менен таанышышты.
Конференцияга ЖАКтын өндүрүш практика боюнча директордун орун басары Кайкиева Үлпат, аталган колледждин карьера бөлүмүнүн башчысы Осмонова Майрам жана практика жетекчилери Курбанов А. Алимбаева Г., Сайназаров Э., Маматалиева Х. жана «Энергетика жана физика» ПЦКсынын төрайымы Шаимкулова С. катышышты.
Келечектеги энергетиктер өндүрүштүк практикада ушул жылдын 15-сентябрдан 28-октябрга чейинки мөөнөттө “Жалал-Абадэлектро” ААКда жана ага караштуу райондук электр тармактарында, “Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары” ишканасында, ошондой эле жакынкы аралыктагы подстанцияларда практика өтөшөт.
Конференциянын жүрүшүндө студенттердин отчет, күндөлүктөрүн толтуруу эрежелерин, ошондой эле практика аягындагы презентацияларды даярдоого багыт берилди.Башкысы студенттер 6 жума аралыкта аткарылуучу жумуштарды жол картадан окуп билишти .
Конференциянын соңунда студенттерге ийгилик каалоо менен жолдомолор колдоруна берилди.