AVN







ТАҢШЫ КОМУЗ

ТАҢШЫ КОМУЗ
 Sep 10, 2021  583

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 9-сентябрь “Комуз күнүнө” карата университеттин башкы имаратынын алдында “Таңшы комуз” аттуу онлайн концерт берди. Маданий-эстетикалык борборунун алдында түзүлгөн жаш канат фальклордук ансамблинин комузчулары “Ак бакай”, “Эргиме”, “Ак-тамак-Көк-тамак”, “Жаш-Кербез”, “Маш-Ботой”, “Боз-салкын”  кыргыздын улуу күүлөрүнөн аткарышты.

Иш-чара эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жана Мамлекеттик тидин 32 жылдыгына арналды.

"Комуз кыргыз элинин салттуу маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан-муунга өтүп, биздин күндөргө чейин жетти. Кыргыз элинин улуттук аспапбы комузду жаш муунга жайылтуу, чертүү чеберчилигин күүлөрүбүздүн келип чыгуу тарыхы, комуздун жаралышы жана ушул күнгө чейин чертилип, ойнотулуп келүүсү кыргыз маданиятынын өнүгүсүүнө залкар комузчуларыбыздын эмгеги опол тоодой деп белгилеп кетти уюштуручу топ.

  • ТАҢШЫ КОМУЗ
  • ТАҢШЫ КОМУЗ
  • ТАҢШЫ КОМУЗ
  • ТАҢШЫ КОМУЗ
  • ТАҢШЫ КОМУЗ