AVN







КЕЛГИЛЕ, КЫРГЫЗСТАНДЫН КОВИД КАРТАСЫН ЖАШЫЛ ТҮСКӨ БОЙОЙЛУ!

КЕЛГИЛЕ, КЫРГЫЗСТАНДЫН КОВИД КАРТАСЫН ЖАШЫЛ ТҮСКӨ БОЙОЙЛУ!
 Sep 9, 2021  498

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы жамааты эмдөөдөн өтүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстан 3 миллиондон ашык доза вакцина алган, анын 1миллиону колдонулганын маалымдайт.

2021 -жылдын 1 - сентябрына карата республика боюнча эмдөөнүн биринчи дозасы менен 681 078 адам же 18 жаштан жогорку жарандарды камтыган максаттуу топтун (эмгек мигранттарынан тышкары) 29%, ал эми эмдөөнүн толук курсунан 445 231 адам же 19% эмделди.

Эмдөө боюнча алдынкы сапта:

  • Ош облусу – 44%
  • Нарын облусу – 41%
  • Ош шаары – 39%

Ошондой эле, 21 район жана шаарларда эмдөө темпи орточо республикалык денгээлден жогору экенин белгилөө керек. Ошентсе да, биздин милдет эмдөө жай жүрүп жаткан шаарларда, райондордо эмдөө темпин жогорулатуу.

Вакцина бардык каалоочулар үчүн акысыз!

Жапырт эмдөө иш-чараларын күчөтүү максатында жана Коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын протоколдук тапшырмасын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2021-жылдын 1-сентябрынын 10-сентябрына чейин калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө боюнча масштабдуу өнөктүк жарыялайт.

Жамааттык иммунитетти пайда кылуу үчүн калктын 70% ы эмдөөдөн өтүшү зарыл. Биздин стратегиялык милдет – Кыргызстанды кызыл аймактан чыгарып, ар бир кеңсе, квартал, район, област жана республиканын бардык аймагын COVID-19 инфекциясын жуктуруу коркунучу минималдуу болгон “коопсуз жашыл аймакка” өткөрүү.

Министрлик буга чейин "Кыргызстан - жашыл аймак" интерактивдүү картасын ишке киргизген, анда кызматкерлери 70% эмделген уюмдар картага өздөрүн белгилеп, атайын стикерди ала алышат. Бул уюм социалдык жана жеке жоопкерчиликти көрсөткөнүн билдирет жана бул уюмдан COVID-19ду жуктуруп алуу тобокелчилиги минималдуу десек болот. Биз белгиленген 10 күндүн ичинде өзүңүздү картага киргизип, уюмуңуз коопсуз "жашыл" аймакта экенин көрсөтүүгө чакырабыз.

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык пункту бардыгыныздарды бул улуттук стратегиялык максатка кошулууга чакырат.

  • КЕЛГИЛЕ, КЫРГЫЗСТАНДЫН КОВИД КАРТАСЫН ЖАШЫЛ ТҮСКӨ БОЙОЙЛУ!
  • КЕЛГИЛЕ, КЫРГЫЗСТАНДЫН КОВИД КАРТАСЫН ЖАШЫЛ ТҮСКӨ БОЙОЙЛУ!
  • КЕЛГИЛЕ, КЫРГЫЗСТАНДЫН КОВИД КАРТАСЫН ЖАШЫЛ ТҮСКӨ БОЙОЙЛУ!