AVN







ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ИРАНДА АЛТЫН МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ

ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ИРАНДА АЛТЫН МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ
 Jan 27, 2018  905

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин укук таануу адистигинин 3-курсунун студенти Калы Сулайманов Иран мамлекетинде өткөн грек-рим күрөшү боюнча Takhti Cub 2018 эл аралык турниринде алтын медаль тагынды. Белгилей кетсек, аталган турнир 25-январда Бендер-Мехшехр шаарында башталган.

    Калы Сулайманов 63 килограммга чейинкилер менен күч сынашып, жарым финалда ирандык спортчу Мохаммади Нурбахшини 3:0 эсебинде утуп алган.

  Ал эми  К. Сулайманов чечүүчү таймашта казакстандык Кудайберген Турсунов менен күрөшүп, 7:2 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

    Машуктыруучусу Алтын Саалаевдин берген маалыматында спортчу улуттук команданын грек-рим күрөшү боюнча мүчөсү. Спорттун чебери, ошондой эле ал 2016-жылы Франциянын Мароко шаарында орун алган жаштар арасында дүйнө чемпиондугунда биринчиликти ээлеген. Ал эми  2017-жылы Туркмения Республикасынын Ашхабад шаарында жабык имараттар арасындагы V Азия оюндарында чемпиондук наамды багындырган. Андан сырткары бир катар Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.