AVN







ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 30 ЖЫЛ

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 30 ЖЫЛ
 Sep 1, 2021  847

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчилери жана профессордук-окутучулук курамы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага катышышты.

Майрамдык салтанатка  карата шаардык мэрия тарабынан сынак жарыяланган. Сынактын жобосуна ылайык, "Эркиндик" борбордук аянтында  ишканалар тарабынан боз үйлөр тигилди. Окуу жайдын кызматкерлери  2 боз үй тигип, жасалгалашты. Андан сырткары эмгек жамаат салтанаттуу жүрүшкө катышышты.

Окуу жайдын ректору К.Ж. Усенов жалпы кыргыз элин, ЖАМУнун кызматкерлерин жана студенттерди Эгемендүүлүк майрам менен куттуктады. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы эмгек жамааты өлкөнүн социалдык-экономикалык абалынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп кесипкөй адистерди даярдап келесиздер. Биздин бүтүрүүчүлөр алыскы жана жакынкы өлкөлөрдө, мекенибиздин булуң-бурчтарында эмгектенүүдө. Мыкты келечек муунду тарбиялап,  терең билим берүү максатында биздин окуу жай заман менен тең жарышып өнүгүүдө. Учурда окуу корпустары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, материалдык-техникалык базасы мезгил талабына ылайыкташтырылган.

Эркин жана бакубат өлкөнүн балдары  улуу урпактарыбыздын баа жеткис белегин көздүн карегиндей сактап, үмүттөрүн ишке ашырышы керек. Ооба, эгемендүүлүк күнү чындыгында өлкөбүздүн, элибиздин тарых барактарындагы өзгөчө бир барагы, кылымдап кыялданган улуу кыргыз элинин кыялы. Биз тарбиялаган жаштардын  арасынан улуу элдин урпагын улап кеткен чыгаан жаштар чыгууда дагы да чыгаарына ишенем. 

Жалпы кыргыз элимди көз карандысыздыгыбыз түбөлүк болуп, өнүккөн өлкөнүн бактылуу, биримдиктүү жарандары бололу деп тилейм!.

  • ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 30 ЖЫЛ
  • ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 30 ЖЫЛ
  • ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 30 ЖЫЛ
  • ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 30 ЖЫЛ
  • ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 30 ЖЫЛ
  • ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 30 ЖЫЛ
  • ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 30 ЖЫЛ
  • ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 30 ЖЫЛ