AVN

“Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк жылдарында: тарых жана сабактар”

“Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк жылдарында: тарых жана сабактар”
 Aug 25, 2021  549

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Илим бөлүмү жана «Тарых» кафедрасы тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк жылдарында: тарых жана сабактар” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык онлайн конференция zoom платформасы аркылуу  өттү.

Конференциянын ачылышы саат 11до Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору тех.и.д., профессор,  К.Ж. Усенов,  ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору тех. и.д., профессор, А.П. Алибаевдер сөз сүйлөшүп, конференциянын ишине ийгилик каалашты. Жыйынды доцент Э.А. Авазов алып барды. Конференциянын жүрүшүндө төмөнкү профессор, окутуучулар  жана магистранттар тарабынан илимий баяндамалар жасалды жана суроо-жооптор аркылуу кызуу талкууланды.

1-баяндама: Авазов Э.А. - т.и.к., доцент, “Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы урунттуу учурлар”

2-баяндама: Аширалиев А.- тех.и.д., профессор, “30 жылдагы кыргызстандын жетишкендиктери жана өкүнүчтөрү”

3-баяндама: Токтогулова Г.Т. – филос.и.к., доцент “Суверендүү кыргыз мамлекетинин тарыхы”

4-баяндама: Назарбаева Б.С.- т.и.к.,  “Аксы окуясынын тарыхый орду жана сабактары”

5-баяндама: Кошалиева З.А. – “Суверендүү кыргыз мамлекети: норматиптүү-укуктук негиздер”

6-баяндама: Абдразакова Ү. - ЖАМУнун магистранты “Эгемендүү кыргыз мамлекетиндеги инсан таануу маселеси”

Баяндамалар окулуп буткон сон, ой пикир сунуш, суроо жооптор болду.

  1. Эшиев Асылбек - филол.и.д., профессор агайыбыз да өзүнүн ойлорун  каалоо тилектерин айтты.
  2. Халматов К.А. – т.и.к., доцент, агай эгемендүүлүк боюнча коптогон пикирлерин, сунуштарын айтты.
  3. Шамиев Ж. – тех.и.к., доцент, агай жасалган баяндамалар маныздуу болду деп каалоо тилегин айтты. 
  4. Алымкулов Б. – саясий и.к., доцент, агай да каалоо тилек куттуктоолорун айтты.

Жыйынтыгында резолюция окулуп, бир добуштан кабыл алышты. Жыйындын соңунда уюштуруучулар тарабынан илимий баяндама жасашкан конокторго жана жалпы эле катышуучуларга ыраазычылык билдирилди.

  • “Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк жылдарында: тарых жана сабактар”