AVN







ИСХАК РАЗЗАКОВ УЛУТТУН УЛУУ ИНСАНЫ

ИСХАК РАЗЗАКОВ УЛУТТУН УЛУУ ИНСАНЫ
 Jun 28, 2021  810

Б.Осмонов атындагы ЖАМУда   саясий илимдеринин доктору, профессор Ж.Ж.Жоробековдун "Исхак Раззаков улуттун улуу инсаны" китебинин бет ачаары уюштурулду.

 Иш-чаранын жүрүшүндө китептин автору Ж.Жоробеков Исхак Раззаков жөнүндө белгилүү жана белгисиз болгон жаңы маалыматтары менен бөлүштү. Ж.Ж.Жоробековдун китеби менен таанышып чыгышкан илимпоздор т.и.к, профессор Э.Ж.Сулайманов, т.и.к., доцент Э.А.Авазов, ф.и.д., профессор М.М.Эдилова, ф.и.к., доцент Г.Т.Токтогуловалар илимий жана илимий популярдуу китептердин катарын толуктай тургандыгын, тарыхый булакнаамалык, тарыхнаамалык маалыматтар бар экендигин, чынында И.Раззаков улуттун лидери боло алгандыгын, мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, билим алуу багытында, социалдык маселелерди чечүүдө орду чоң экендигин белгилешип, ошондой инсандын тарыхтагы баасын берүүгө салым кошкон авторго ыраазычылык билдиришти.

  • ИСХАК РАЗЗАКОВ УЛУТТУН УЛУУ ИНСАНЫ
  • ИСХАК РАЗЗАКОВ УЛУТТУН УЛУУ ИНСАНЫ
  • ИСХАК РАЗЗАКОВ УЛУТТУН УЛУУ ИНСАНЫ