AVN







МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН АКТУАЛДУУ СУРООЛОРУ ЖАНА ӨНҮГҮҮ КЕЛЕЧЕГИ

МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН АКТУАЛДУУ СУРООЛОРУ ЖАНА ӨНҮГҮҮ КЕЛЕЧЕГИ
 Jun 23, 2021  601

Б.Осмонов атындагы ЖАМУ тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын академиги Ильяс Ботбаевдин 90-жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык онлайн конференциясы «Айыл чарбасы: мал чарбачылыгынын актуалдуу суроолору жана өнүгүү келечеги» аталышында өткөрүлдү.

        Конференция аспирантура, докторантура, магистратура жана PhD  докторантура бөлүмү жана “Ветеринардык медицина” кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан уюштурулуп, Кыргыз мал чарба жана жайыт илим – изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери а.-ч.и.д., проф. Т.Ж. Турдубаев, Кыргыз мал чарба жана жайыт илим – изилдөө институтунун улук илимий кызматкери К.Э.Иманов, ИИ боюнча проректор К.С. Алыбаев, “Ветеринардык медицина” кафедрасынын башчысы а.-ч.и.к., доц. Б.С.Орозбаев жана кафедранын окутуучулары, студенттери  катышышты. Куттуктоо сөздөр айтылып, академик Ильяс Махмудович Ботбаев тууралуу кеңири сөз сүйлөндү жана конференциянын жүрүшүнө ийгиликтерди каалашты.

1-баяндама: “Академик И.М.Ботбаевдин эт-май-жүн багытындагы куйруктуу кой породасын чыгаруудагы салымы” - Кыргыз мал чарба жана жайыт илим – изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери, а.-ч.и.д., проф. Т.Ж.Турдубаев;

2-баяндама: “Сохранение генофонда Алайской породы овец” - Кыргыз мал чарба жана жайыт илим – изилдөө институтунун улук илимий кызматкери К.Э.Иманов;

3-баяндама: “Академик И.М.Ботбаевдин өмүр баяны жана анын илимий иш-аракеттери” – а.-ч.и.к., доцент Б.С. Орозбаев;

4-баяндама: “Академик И.М.Ботбаевди эскерүү” - Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ага окутуучусу Эркинбаева А.

5-баяндама: “Академик И.М.Ботбаевдин окуган институту – илимге чыйыр салган жол” - Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун В-1-18 тайпасынын студенти Масиркулов Э.  

  • МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН АКТУАЛДУУ СУРООЛОРУ ЖАНА ӨНҮГҮҮ КЕЛЕЧЕГИ
  • МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН АКТУАЛДУУ СУРООЛОРУ ЖАНА ӨНҮГҮҮ КЕЛЕЧЕГИ
  • МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН АКТУАЛДУУ СУРООЛОРУ ЖАНА ӨНҮГҮҮ КЕЛЕЧЕГИ
  • МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН АКТУАЛДУУ СУРООЛОРУ ЖАНА ӨНҮГҮҮ КЕЛЕЧЕГИ