AVN







ОКУУ КИТЕПТЕРИ БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ

ОКУУ КИТЕПТЕРИ БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ
 Jun 21, 2021  600

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын окуу-усулдук борборунун директору Алишеров Бакытбек Автандиловичтин катышуусу менен Ош шаарындыгы Кыргыз-өзбек университетинде 2021-жылдын 16-июнунда Юриспруденция, Экономика жана каржы насыя багыттарында билим алып жаткан студенттер үчүн “ОСОБЕННОСТИ НАЦИОНАЛЬНОЙ СИСТЕМЫ ПРОТИВОДЕЙСТВИЯ ФИНАНСИРОВАНИЮ ТЕРРОРИСТИЧЕСКОЙ ДЕЯТЕЛЬНОСТИ И ЛЕГАЛИЗАЦИИ (ОТМЫВАНИЮ) ПРЕСТУПНЫХ ДОХОДОВ (ПФТД/ЛПД) КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ” жана “ОСОБЕННОСТИ НАЦИОНАЛЬНЫХ СИСТЕМ ПОД/ФТ ГОСУДАРСТВ ЕВРАЗИЙСКОГО РЕГИОНА” деген аталыштагы окуу китептери жана окуу колдонмолору берилди.                                                                                                             

Болуп өткөн иш чарага Экономикалык-юридикалык факультетинин “Экономика жана каржы насыя” кафедрасынын доценти Г.Абдырахманова, “Жарандык укук жана адвокатура” кафедрасынын доценти Б.Н.Алымкуловдор катышып келишти. Берилген окуу китептери студенттердин жана профессордук-окутуучулардын андан ары билимин тереңдетүү багытында кызмат кылат деп билдирди кафедра башчысы ю.и.к., доцент Н.К.Нарматов.

  • ОКУУ КИТЕПТЕРИ БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ
  • ОКУУ КИТЕПТЕРИ БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ
  • ОКУУ КИТЕПТЕРИ БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ
  • ОКУУ КИТЕПТЕРИ БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ