AVN







БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ - ЭРТЕНКИ КЕЛЕЧЕКТИН ПАЙДУБАЛЫ

БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ - ЭРТЕНКИ КЕЛЕЧЕКТИН ПАЙДУБАЛЫ
 Jun 19, 2021  558

ЖАКтын  Социалдык иш адистигинде өнөктөштөр  менен бирге «Бүгүнкү студент - эртенки келечектин пайдубалы» темасында тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдун максаты: ЖАКтын Социалдык иш адистигинин окуу программаларынын сапатын жакшыртуу боюнча эксперттик комиссиянын колдоосун топтоо жана пикирлерин угуу, компетенттүү  адистерди даярдоо

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Келечекте компетенттүү мыкты адистерди даярдоо

Тегерек столго Жалал-Абад шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Н.А. Жакыпова, Сузак райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы  А.Ж. Асанова,  Жалал-Абад шаардык Социалдык Фондунун юристи, Базар-Коргон районунун   Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы  М.Р. Калмаматов, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун өндүрүштүк окуу жана карьера бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева, ЖАКтын директору п.и.к., доцент Б.М. Турдубаева, Педагогикалык жана социалдык иштер бөлүмүнүн башчысы К.П. Салибаева, МЧББ жана социалдык иш ПЦКсынын окутуучулары катышышты.

Анда негизинен төмөнкү үч суроо каралды:

  • ЖАКтын окуу программаларынын сапатын жакшыртуу үчүн кандай сунуштарыңыздар бар?
  • Студенттер менен кызматташып иштөө боюнча кандай идеяларыңыздар бар?
  • Коомчулуктун, региондун, шаардын өнүгүүсүндө Социалдык иш адисинин ролун кандай көрөсүздөр?

Жыйынтыгында иш берүүчүлөр өз пикирлерин жана сунуштарын билдирип, Социалдык иш адистигинин студенттери учүн вакансия (бош орундарды) бар экендиги боюнча да маалымат берип өтүштү.   

  • БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ - ЭРТЕНКИ КЕЛЕЧЕКТИН ПАЙДУБАЛЫ
  • БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ - ЭРТЕНКИ КЕЛЕЧЕКТИН ПАЙДУБАЛЫ
  • БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ - ЭРТЕНКИ КЕЛЕЧЕКТИН ПАЙДУБАЛЫ
  • БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ - ЭРТЕНКИ КЕЛЕЧЕКТИН ПАЙДУБАЛЫ