AVN

ФАРМАЦИЯ АДИСТИГИНИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН «АНТ БЕРҮҮ» АЗЕМИ

ФАРМАЦИЯ АДИСТИГИНИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН «АНТ БЕРҮҮ»  АЗЕМИ
 Jun 18, 2021  589

Б.Осмонов атындагы    ЖАМУнун медицина факультетинин Фармация жана МБД кафедрасы тарабынан  АТФнын чон жыйндар залында Фармация адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн  «АНТ БЕРҮҮ» аземи өткөрүлдү.

     Аземди Медицина факультетинин деканы б.и.к., доцент Нурдинов Ш.Ш.  ачып берип, ата- энелерге бүтүрүүчүлөргө өз каалоо тилектерин айтты. Ошондой эле Фармация жана МБД кафедрасынын башчысы х.и.к, доцент Эрназарова Б.К. Анатомия жана физиология кафедрасынын башчысы б.и.к., доцент Нурманбаев М.Ж.  Жалпы хирургия кафедрасынын милдетин аткаруучу Артыкматов Б.  жана х.и.к., доценттин милдетин аткаруучу Бакирова А.А. аларда каалоо тилектерин айтып, студенттердин окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, ак жол тилешти.

     Аземде ар бир бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери «Ыраазычылык кат» жана бүтүрүүчүлөр окууну ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн факультеттин грамоталары менен ошондой эле Фарм-1-16 тайпасынын бүтүрүүчүсү Кубатова Айзат окууну артыкчылык менен бүтүп жатканына байланыштуу  ЖАМУнун ректору т.и.д. профессор Усенов К.Ж. тарабынан берилген  «Диплом» менен сыйланышты.

Бүтүрүүчүлөрдү куттуктап Фармация адистигинин кенже тайпалары концерттик программа уюштурушту. Бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана бүтүрүүчүлөр ЖАМУнун профессордук- окуутучулар курамына ыраазычылык сөздөрүн билдиришти.

      Бүтүрүүчүлөр тарабынан элибиздин саламаттыгын сактоо үчүн «Фармацевттердин анттын» берип, азем ийгиликтүү аяктады.

  • ФАРМАЦИЯ АДИСТИГИНИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН «АНТ БЕРҮҮ»  АЗЕМИ