AVN







КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ-АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ, ОКУМУШТУУ

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ-АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ, ОКУМУШТУУ
 Jun 18, 2021  960

Б. Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжиндеги  “Педагогика жана социалдык иштер”  ПЦКасында  “Касым Тыныстанов-алгачкы агартуучу, окумуштуу” деген темада студенттер арасында илимий иш чара өткөрүлдү.

Иш чарага башталгыч класстарда окутуу жана социалдык иштер адистигинин студенттери катышып, өздөрү даярдаган ар түрдүү темадагы баяндамаларын окушту.  Алсак,  БКМк-4-20 тайпасынын студенти Шекербекова Айназиктин “Касым Тыныстанов-көп кырдуу залкар инсан”, СРк-2-20 тайпасынын туденти Ажыманов  Перизаттын   “К. Тыныстанов-алгычкы тилчи окумуштуу”,  БКМб-3-18 студенттери Толтоева Айгерим,  Орозалиева Айгерим  “Касым Тыныстанов жана анын үй-бүлөсү ” деген темада орус тилинде  өзгөчөлөнгөн баяндамаларды  жасашты.   Жетекчилер  С. Тобокелова, М. Мамбетова,

 Н. Исраиловалар өз студенттеринин  баяндамаларынын өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, баа  беришти.     Ар бир баяндамадан соң, суроо-жооп болуп, кызыктуу талкуу жүрдү.   Аягында БКМк -02- 19 тайпасынын студенттери  Касым Тыныстановдун акындык чеберчилигин даңазалаган ырларынан көркөм окушту.  Иш чаранын соңунда студенттер “Касым Тыныстанов ар тараптуу үлгүлүү  инсан жана өз доорунун баатыры “ деген жыйынтык  чыгарышты.

  • КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ-АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ, ОКУМУШТУУ
  • КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ-АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ, ОКУМУШТУУ
  • КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ-АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ, ОКУМУШТУУ