AVN







БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ

БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ
 Jun 14, 2021  1025

Бул жашоодо ар бир инсан бала деп жашайт, балдар биздин келечегибиз демекчи медициналык колледжинин Фарм-1-18, Фарм-2-18, Сд-1-18, Сд-2-18, Ад-1-18   тайпаларынын студенттери 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата жардам  беришти. 

Студенттер  оор турмушту башынан кечирип жаткан үй-бүлөлөрдүн балдарына  колдон келген жардамдарын көрсөтүштү. Сузак районуна караштуу Ак мечит айылынын жашоочусу Жолчиев Заирбектин үй-бүлөсүнө жардам колун сунушту.  Жолчиев Заирбектин  үй-бүлөсү үч мүмкүнчүлүгү  чектелген балдарды тарбиялап жатышат. Анын үй-бүлөсүнө азык түлүк, балдарынын  турмушуна керектүү буюмдарды алып барып беришти.

“Балдар - биздин келечегибиз”–дегендей буюрса мындан ары дагы аларга ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар өздөрүн мекенибиздин дени сак жарандары катары сезүүсүнө түрткү болуп, өз жардамыбызды аябайбыз”- дейт колледждин жаштар комитетини төрагасы Болотбеков Амантур.

Бул иш чара медициналык колледжинин директордун тарбия иштер боюнча орун басары Г.Темирбаева жана жаштар комитетинин төрагасы А.Болотбеков тарабынан уюштурулуп, балдарга жардам берилди.

Бекмамат  Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин окутуучулары  даталуу күндөрү  Жалал-Абаддагы  “Ак- жол”  балдар үчүн  комплекстүү реабилитациялык борборуна ар тараптуу колдоолорун көрсөтүп келет.

  • БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ