AVN







ЖАМУ КАЗАНЬ ФЕДЕРАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

ЖАМУ КАЗАНЬ ФЕДЕРАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
 Jun 11, 2021  1238

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине Казань Федералдык университетинин ректору баштаган делегация келип, эл аралык билим берүү жана илим  жаатында кызматташуу боюнча эки окуу жайдын ортосунда келишимдер түзүлдү.

Делегациянын курамында КФУнун ректору Гафуров Ильшат, сырткы байланыштар боюнча проректору Алишев  Тимирхан, КФУнун ректорунун кенешчиси Камалов Ильдар, Татарстан Республикасынын Менделеев району боюнча инвестиция тартуу боюнча кенешчиси Азимов Рашит болушту.

Жолугушуунун алкагында тараптар университеттердин ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу, тажрыйба алмашуу жана жайылтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында билим берүү жана илим чөйрөсүндө, маданият жана спорт жаатында кызматташуунун мүмкүн болгон варианттарын талкуулашты.

"Мунун бардыгы эл аралык билим берүү, илим жана маданий мейкиндиктеги интеграциялык байланыштарды өнүктүрүүнүн жалпы ишинде университеттерибиздин өз ара байланышын мындан ары дагы бекемдейт. Бүгүнкү жолугушууда академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимдер түзүлдү. Анын алкагында эки окуу жайдын окутуучулар, студенттери тажрыйба алмашышат" - деп белгиледи Кеңешбек Усенов.

КФУнун ректору Ильшат Гафуров айтымында, учурда билим берүү мекемесинде  87 адистик боюнча кадрлар даярдалып, 50 миң студенти бар билим алууда. Биздин окуу жай дүйнөлүк ЖОЖдордун  рейтингин аныктоочу QS тизмесинин дүйнө жүзүндөгү алдынкы 100 окуу жайдын 38-тизмесинде турат. Билим берүү жаатында тажрыйбасы зор билим ордосу. ЖАМУ менен кызматташууда бир катар иштерди биргеликте аткарып, ийгиликтерди жаратабыз деген үмүттөмүн” – деген оюн айтты.

Талкуу жүрүшүндө фундаменталдык, прикладдык изилдөө жаатында биргелешкен илимий программаларды жана долбоорлорду түзүү, жүзөгө ашыруу, окутуучулар жамааты үчүн практика жана квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу, алдыңкы окутуучуларды консультацияга алмашуу, лекция окуу, сабактарды өткөрүү, ошондой эле аспирантура жана докторантура аркылуу илимий кадрларды даярдоо боюнча маселелер каралды.

Тегерек столдун катышуучулары электр энергетикасы, информатика, орус тили жана адабияты, медицина сыяктуу билим берүү программаларында студенттерди окутуу үчүн кыргыз-орус факультетин түзүү маселесин талкуулашты. 

Мындан тышкары, улуттук спорттун түрлөрүн жайылтуу максатында университеттердин факультеттеринин чыгармачыл жамааттарынын катышуусунда улуттук маданияттардын биргелешкен фестивалдарын жана биргелешкен спорттук иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралды.

  • ЖАМУ КАЗАНЬ ФЕДЕРАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
  • ЖАМУ КАЗАНЬ ФЕДЕРАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
  • ЖАМУ КАЗАНЬ ФЕДЕРАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
  • ЖАМУ КАЗАНЬ ФЕДЕРАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
  • ЖАМУ КАЗАНЬ ФЕДЕРАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
  • ЖАМУ КАЗАНЬ ФЕДЕРАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ