AVN







ИШКЕРДИКТИН НЕГИЗДЕРИ

ИШКЕРДИКТИН НЕГИЗДЕРИ
 Jun 10, 2021  818

Жалал-Абад колледжинин Экономика –юридикалык бөлүмүнүн окутуучулары Тукуева Н.Т., Кочкорова А.А тарабынан  «Ишкердиктин негиздери» предметинен конок лекция БКМ-4-18, УТк-2-18 тайпаларынын студенттерине уюштурулду. Конок лекцияга “Токтомаматов К.Ш” атындагы эл аралык университетинин ага окутуучусу Умаров А.М келип, студенттер менен пикир алмашты.

Лекциялык сабакта “Ишкердүүлүккө түрткү берүү (мотивация)” деген  темада студенттерге кызыктуу лекция окуп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип жатышты. Бизнес баштоодо ишкерлердин мотивациясы жана кол алдында иштей турган персоналдын да жасап жаткан ишинен дем күч алып туруусу зарылдыгын билишти.