AVN

КАРАТАЙ САРТБАЕВ – МУГАЛИМДЕРДИН МУГАЛИМИ

КАРАТАЙ САРТБАЕВ – МУГАЛИМДЕРДИН МУГАЛИМИ
 Jun 7, 2021  965

Белгилүүү окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Каратай Сартбаевдин 90 жылдыгына арналган  эл аралык илимий-практикалык конференция И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде уюштурулду. Конференцияны университеттин кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын профессордук окутуучулары жетектеди. Конференцияга белгилүү инсандар жана  окумуштуулар, т.а. Айтматова Р.Т., ф.и.д.проф.Култаева Ү.Б., п.и.д.проф. Калдыбаева А.Т., п.и.д., проф.Сакиева С.С., п.и.к., доцент Токтомаметов А.Д.ж.б.лар катышты. Конференцияда окумуштуунун өмүрлүк жары, п.и.к, проф. А.Мураталиева тарабынан даярдалган видео тасма көрсөтүлдү. Окумуштуунун шакирттери п.и.д., проф. Мусаева В.И.,Чокошева Б.С.,Акунова А.Р. окумуштуунун илимий-педагогикалык, илимий-методикалык ишмердүүлүгү жөнүндө баяндашты. Ал  эми окумуштуунун 60 жылга жакын өмүрү башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууга арналгандыгы белгиленди. Шакирттери тарабынан окумуштуунун эмгектери жөнүндө кызыктуу докладдар окулду. Окумуштуунун башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууга арналган 10 томдук тандалган жыйнактары басылган. Кыргыз педагогикасында алгачкы жолу окумуштуунун төш белгиси иштелип чыккан. Төш белги окумуштуунун эмгегин изилдеген аспиранттарга, докторанттарга, окумуштууларга ыйгарылды. Конференциянын аягында резолюция кабыл алынып, анда окумуштууга арналган конференция, тегерек стол, педагогикалык окууларды уюштурууну  колго алуу сунушталды.

  • КАРАТАЙ САРТБАЕВ – МУГАЛИМДЕРДИН МУГАЛИМИ