AVN







ХИМИКТЕРДЕ КОНОК-ЛЕКЦИЯ

ХИМИКТЕРДЕ КОНОК-ЛЕКЦИЯ
 Jun 7, 2021  539

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Табигый-техникалык факультетинин Табигый-илимий билим берүү багытынын  Химия профилинин студенттери жана магистранттары үчүн конок-лекция өткөрүлдү.                

Бул ирет   конок-лекцияны  химия боюнча бир нече окуу китептеринин автору И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, химия илимдеринин кандидаты Сагындыков Жумабай  тарабынан “Физикалык химиянын негиздери” темасында  конок-лекция  онлайн форматында өткөрүлүп, лектор студенттердин, магистранттардын, окутуучулардын кызыккан суроолоруна жооп берди.

         Сагындыков Ж.С. Ленинград мамлекеттик университетинин (азыркы Санкт-Петербург) химия факультетин бүтүргөн, адистиги химик.                                               3 монографиянын, Билим берүү министрлигинин Грифи менен жарык көргөн 22 окуу куралынын, 200дөн ашуун илимий макалалардын автору, 34 автордук күбөлүк жана патенттердин ээси.

         Эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтык мындан ары да улана бермекчи. Химия кафедрасынын башчысы Н.Б.Арстанбекова лекторго окутуучулар, студенттер жана магистранттардын атынан терең ыраазычылык билдирип, илимий-педагогикалык иштеринде ийгиликтерди каалады.

  • ХИМИКТЕРДЕ КОНОК-ЛЕКЦИЯ
  • ХИМИКТЕРДЕ КОНОК-ЛЕКЦИЯ
  • ХИМИКТЕРДЕ КОНОК-ЛЕКЦИЯ
  • ХИМИКТЕРДЕ КОНОК-ЛЕКЦИЯ
  • ХИМИКТЕРДЕ КОНОК-ЛЕКЦИЯ
  • ХИМИКТЕРДЕ КОНОК-ЛЕКЦИЯ
  • ХИМИКТЕРДЕ КОНОК-ЛЕКЦИЯ