Кесип тандоо - бул жашоодогу эң маанилүү чечимдердин бири, анткени бардыгыбыз эле келечектеги кесибибиз кызыкчылыгыбызга, мүмкүнчүлүгүбүзгө дал келип, кубаныч тартуулоосун каалайбыз. Мындай ойду Жалал-Абад колледжинин Экономикалык - юридикалык бөлүмүнүн окутуучулары профориентация учурунда билдиришти.
Жалал-Абад колледжинин Экономикалык - юридикалык бөлүмүнүн кесиптик багыт берүү тобу 9 жана 11-класстын окуучуларына келечектеги кесипти тандоодо жардам берүү жана кошумча маалымат берүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүштү. Көчмө кесиптик багыт берүү тобуна төмөнкү мугалимдер кирди: Токтосунов Келдибек, Абдрашева Умида, Байышбек кызы Аида, Кочкорова Айжан, Турдубаева Айжамал, Суранов Садыр, Осмонова Элиза, Калмурзаева Асель, Темирбаева Жазгүл.
Алар жалпы Жалал-Абад шаарындагы, Сузак районундагы жана Ноокен районундагы мектептерде кесипке багыт берүү багытын жүргүзүштү.