AVN







КОМПОЗИТОРДУН МУЗЫКАСЫНДАГЫ МАТЕМАТИКАЛЫК КӨЗ КАРАШТАР

КОМПОЗИТОРДУН МУЗЫКАСЫНДАГЫ МАТЕМАТИКАЛЫК КӨЗ КАРАШТАР
 Jun 5, 2021  533

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинде КРнын эмгек синирген артисти, залкар обончу, композитор жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун  80-жылдык юбилейине карата эскерүү чыгармачыл кечеси өткөрүлдү. Башталгыч класстарды окутуу алистигинин студентерине Рыспай Абдыкадыровдун өмүр баяны, чыгармачылык бейнеси жана композитордун балдарга арналган ырларынын мазмундуулугу боюнча баяндамаларды окушту. 

Т.Тыныбеков атындагы  Жалал-Абад областтык филармониясынын солисткасы Б.Мойдунова, Жалал-Абад шаардык мектеп окуучулары, жаш аткаруучулар Азамат уулу Адилет жана Актилек  “Мектебим”, “Алмабак” “Өскөн жер” аттуу чыгармаларын жандуу үн менен аткарып беришти. Рыспайдын чыгармачылыгы боюнча ЖАКтын ага окутуучулары Орунбаев Кенешбек, Куваков Жениш музыка окутуудагы композитордун балдар ырларынын өзгөчөлүктөрү жана композитордун музыкасындагы математикалык көз караштар боюнча ой жүгүртүүлөр, сканворддор, суроо жооптор менен кызыктуу талкуу жүргүзүштү.

ЖАКтын директору педагогика илиминин кандитаты доцент Б.М.Турдубаева Рыспайдын ырларынын тарбиялык маанисине токтолуп, башталгыч класстын мугалими өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүнө пайдалануусуна багыт берди.

Эскерүү кечеге Б. Осмонов атындагы ЖАМУда жайгашкан Эл аралык Р.Абдыкадыров атындагы борбордун ардактуу коноктору, “Жолуксак кандай жакшы” ырынын автору обончу жана аткаруучу М.Мавлянов жана Талас областынындагы Рыспай клубунун координатору Аззади Сулайманов чакырылып студенттерге залкар обончунун ырларын аткарып, суроолорго жооп беришип эскерүү кечени  көркүнө чыгарышты.

  • КОМПОЗИТОРДУН МУЗЫКАСЫНДАГЫ МАТЕМАТИКАЛЫК КӨЗ КАРАШТАР
  • КОМПОЗИТОРДУН МУЗЫКАСЫНДАГЫ МАТЕМАТИКАЛЫК КӨЗ КАРАШТАР
  • КОМПОЗИТОРДУН МУЗЫКАСЫНДАГЫ МАТЕМАТИКАЛЫК КӨЗ КАРАШТАР