AVN







БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ

БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ
 Jun 5, 2021  903

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Табигый-техникалык факультетинин “Биология” кафедрасынын окутуучулары Жалал-Абад шаарындагы Балдардын психо-неврологиялык социалдык стационарына барышты.

Окутуучулар оор турмушту башынан кечирип жаткан балдарга колдон келген жардамдарын  көрсөтүштү. “Балдар - биздин келечегибиз”–дегендей буюрса мындан ары дагы аларга ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар өздөрүн мекенибиздин дени сак жарандары катары сезүүсүнө түрткү болуп, өз жардамыбызды аябайбыз”- дейт кафедранын окутуучулары.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамааты даталуу күндөрү Балдардын психо-неврологиялык социалдык стационарына ар тараптуу колдоолорун көрсөтүп келет.

  • БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ
  • БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ
  • БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ
  • БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ