AVN







ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕР ЭЛДИК МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ

ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕР ЭЛДИК МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ
 Jan 19, 2018  1134

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 16-январь күнү чет элдик студенттер «Понгал”, “Биху”, “Лохри” жана “Макар-Санкранти” аттуу өздөрүнүн элдик-улуттук майрамын белгилешти.  Салтанатка окуу жайдын  мугалимдери жана студенттер катышышты.

     Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина факультетинде окуган Индия, Пакистан, Непал жана Шри-Ланка өлкөлөрүнөн келген студенттер жогорудагы улуттук майрамын майрамдашты. Анда майрамга тиешелүү каада-салттар, аскер салттары, жүрүм-турум этикеттери, ыр-бийлер жана театралдашкан эпизоддор көргөзүлдү.

    Уюштуруучулардын айтымында жогоруда аталган майрамдын аттары негизинен бир эле майрамды түшүндүрөт. Ар өлкөдө аталышы ар башка айтылат бирок, майрамдын маани-маңызы бир. Ошондой эле байыркы улуттук майрам болгондуктан белгилүү мерчемде көңүл бурулуп, кайжерде, кайсы мамлекетте болбойлу жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракеттер көрүлүп келет – деп билдиришти майрам ээлери.

   Ал эми ЖАМУда жалпы чет элдик студенттердин саны 2017-2018-окуу жылына карата  миңден ашса, майрамга 400дөн ашуун студен күбө болушту.