AVN







СҮРӨТ ТАРТУУ БАЛДАРДЫН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮН ӨСТҮРӨТ

СҮРӨТ ТАРТУУ БАЛДАРДЫН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮН ӨСТҮРӨТ
 Jun 4, 2021  600

Жалал-Абад  колледжинин  “Мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иштер”  ПЦКнын окутуучусу  Кыбыраева Мейликан тарабынан мектепке чейинки билим берүү адистигинин  МЧББк-2-19 тайпасынын студенттери менен биргеликте “Конок-лекция” иш чарасы өткөрүлдү.

   Бул иш-чарага  ЖАМУнун  “Педагогика жана маалыматтар технологиясы”  факултетинин “Башталгыч класстарды окутуунун усулу жана теориясы” кафедрасынын  улук окутуучусу, көркөм өнөр чыгармачылыгы  сабагы боюнча  А.Акматов  келип өзүнүн иш  тажрыйбасынан,  чыгармачылык иши тууралуу студенттерге   баяндап берди. Ал өз тажрыйбасында мектепке чейинки балдарга сүрөт тартуу процессин курактык өзгөчөлүктөргө ылайык,  сүрөттөрдү, түстөрдү,композицияны пайдалануу менен ар кандай көркөм дүк каражаттарды  пайдаланууга,  сүрөт тартууда балдарда ой жүгүртүү,  фантазия жана чыгармачылыктарынын өсөрүн, бул сабак колду жазууга көнүктүрү көндүмдөрүн,  графикалык көндүмдөрдү, калем, кыл калемдерди кармай билүүсүн өнүктүрүсүн үйрөтүүсү керектигин түшүнүктүү кылып айтып берди.

Ошондой эле студенттердин көпчүлүк суроолору боюнча боектор менен иштөө техникасы жөнүндө айтып, көрсөтүп берди. Ушул өтүлгөн “Конок-лекция” иш –чарасы студенттерге абдан маанилүү, көп ыкмаларга тажрыйбаларга ээ болгондугун айтып, ушундай иш-чаралар өтүлүп турусун сунуштады.

  • СҮРӨТ ТАРТУУ БАЛДАРДЫН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮН ӨСТҮРӨТ
  • СҮРӨТ ТАРТУУ БАЛДАРДЫН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮН ӨСТҮРӨТ