AVN







ХИМИКТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ХИМИКТЕР КҮНҮ  БЕЛГИЛЕНДИ
 Jun 3, 2021  623

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Табигый-техникалык факультетинде Химия кафедрасынын окутуучулары жана студенттери тарабынан уюштурулган “Химиктер күнү” белгиленди.

Иш чараны кафедра башчысы Н.Б.Арстанбекова ачуу менен “Химиктер күнүн” жыл сайын майрам катарында белгилөө салтка айланып калгандыгын айтып, кафедранын жетишкендиктерине, студенттердин ийгиликтерине токтолуп  өттү.

         Факультеттин деканы т.и.к., доцент Ж.Б.Шамиев окутуучуларды жана студенттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, окууда жана коомдук иштерге активдүү катышкан бир топ студенттерге окуу жайдын дипломдорун тапшырды.

Аталган иш чарага факультеттин биология кафедрасынын башчысы, доцент К.Асанова, дене тарбия кафедрасынын башчысы, доцент К.Ажибаев, элетроэнергетика жана механика кафедрасынын доценти, т.и.к. К.Кокумбаева, ветеринария кафедрасынын ага окутуучусу С.Момунжанов, медицина факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары Ч.Шатманова, китепкананын кызматкери Б.Жороевалар катышып, өз куттуктоолорун билдиришти.

Химиктер күнүнө арналган иш чарада студенттердин күчү менен даярдалган, жагымдуу маанай тартуулаган концерттик программа орун алды.

  • ХИМИКТЕР КҮНҮ  БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ  БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ  БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ  БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ  БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ  БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ  БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ  БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ  БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ  БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ  БЕЛГИЛЕНДИ