AVN







КАЗАТ АКМАТОВ ТААНУУНУН АКТУАЛДУУЛУГУ

КАЗАТ АКМАТОВ ТААНУУНУН АКТУАЛДУУЛУГУ
 Jun 2, 2021  558

"Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Казат Акматовдун 80 жылдык мааракесинин" алкагында өткөрүлгөн илимий, маданий иш-чарага Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.М Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Г.Т.Токтогулова "Казат Акматовдун чыгармаларындагы философиялык идеялар жана көз караштар" деген илимий баяндама менен катышты.  

Г. Токтогулованын баяндамасында Казат Акматов таануунун актуалдуулуктарына, анын өмүр жолуна, Казат Акматовдун адабият майданынын ишмердүүлүгүн, ал көтөргөн аалам маселелери, философиялык маселелер, коомдук-саясий ишмердүүлүгү, анын "Архат" романындагы адам, аалам, экология, буддизм философия философиясы, онтология, гносеология, этика, маданият, аксиология маселелеринин роман аркылуу бүгүнкү муунга жеткиргендиги камтылган.

 Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар илимий пикирлер, көргөзмө иш-чаралары, ЖТР компаниясынын видео материалы көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында Казат Акматов таануунун зарылдыгы, актуалдуугу баса белгиленип, резолюция кабыл алынды.

  • КАЗАТ АКМАТОВ ТААНУУНУН АКТУАЛДУУЛУГУ
  • КАЗАТ АКМАТОВ ТААНУУНУН АКТУАЛДУУЛУГУ
  • КАЗАТ АКМАТОВ ТААНУУНУН АКТУАЛДУУЛУГУ