AVN

ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ
 Jun 1, 2021  522

           Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинде “Химиктер күнүнө” арналган волейбол боюнча спорттук мелдеш болуп өттү.  Мелдеш Табигый-илимий билим берүү багытынын Химия профилинин  Х-1-20, Х-1-19, Х-1-18,   Х-1-17  тайпаларынын ортосунда  Дене тарбия кафедрасынын башчысы,    доцент К.Ажибаевдин демилгеси менен өткөрүлдү.  Мелдештин ачылыш аземине факультеттин деканы Ж.Б.Шамиев, кафедра башчысы Н.Б.Арстанбекова, кураторлор М.Сатканкулова, А.Болотбеков, Н.Маматураимова, Г.Молдошевалар катышып, сөз сүйлөштү.

          Спорттук мелдешке ар бир тайпанын командалары кураторлору менен катышып, кызыктуу таймаштар өткөрүлдү. Мелдештин жыйынтыгы менен эң мыкты оюн көрсөткөн Х-1-18 тайпасынын оюнчулары бардык командаларды утуп, 1-орунду багындырса, Х-1-19 тайпасынын студенттери 2-орунду, Х-1-20-тайпасынын студенттери 3-орунду ээлешип, 1-2-3-даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

           Мындай спорттук мелдештер мынданы ары да даталуу күндөрдө өткөрүлүп турмакчы.

  • ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ