AVN







ЖАМУДА КЫШ ХАНЗААДАСЫ ЖАНА ХАНЫШАСЫ ТАНДАЛДЫ

 Jan 17, 2018  1002

   Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында “Кыш мезгилинин Ханзаадасы жана Ханбийкеси” аталышындагы майрамдык иш-чара болуп өттү. Ал ЖАМУнун Жаштар комитети тарабынан уюшулуп, ага ЖАМУнун падагогикалык маалыматтар жана технологиялар факултетинин  студенттери катышышты.

    Майрам үч бөлүктөн туруп, алгач  жаңы жылдык куттуктоо болду. Экинчи бөлүктө кафедралар арасындагы жарыш жана жыйынтыктоочу бөлүктө дискотека, оюндар уюшулду.

    Майрамдын алгачкы бөлүмүндө  “Talking club” ийриминин мүчөлөрү англис тилинде ырдап жана бийлешти. “Talking club”  баарлашуу клубунун жетекчиси Нурия Тургунбаеванын айтымында аталган клубда ЖАМУнун активдүү студенттери мүчө боло алат. Клубдун максаты жаштарга англис тилин үйрөтүү жана жаштардын тилге болгон кызыгуусун арттыруу – деп билдирди ал.

   Ал эми экинчи бөлүгүндө педагогика факультетинин ар бир адистикте билим алган студенттер ырларды айтып, фантазияларына жараша формаларды кийип калыстардын сынына коюшту.

   Ошондой эле жыйынтыктоо бөлүгүндө дискотека болуп, жаштарга оюн уюшулду.

    Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөр аныкталып, биринчи орунду тарых адистигинен катышкан “Датка” командасы алып, “Кыш мезгилинин Ханзаадасы жана Ханышасы” аталышты. Экинчини БАСК адистигинен “Жаштык” командасы ээледи. Ал эми үчүнчү орунду математика адистигинен “Кош жылдыз” командасы багындырды.

   Мындай иш-чара жыл сайын уюшулуп келет.