AVN







ИШЕМБИЛИК

ИШЕМБИЛИК
 May 31, 2021  545

Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу  жана көрктөндүрүү  үч айлыгынын алкагында Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде да ишембилик өткөрүлдү.  Медициналык колледждин айланасын  тазалоо, шыпыруу иштеринен  сырткары  Олимпийский,   Фабричная, Р.Азимова, А.Орозбаев, М.Ботбаев  көчөлөрүндөгү таштандыларды   теришип  тазалашып  иретке  келтиришти.      Медициналык колледжинин  ишембиликке активдүү катышкан окутуучулары Темирбаева Г, Термечикова С, Ормогоева А, Тахирова А, Болотова Д, Шаршенкулова А, Насипова А, Абазова С, Казакова Р, Тургунов Э, Нарынова А, Алимова А, Байгозуева Н, Балываева Ш, Искендеров А, Сатыбалдиева Г, Жоошбаева Жылдыздар жана фармация адистигинин студенттери.

 Санитардык абалды  жакшыртуу жана үч айлыкты жыйынтыктоо  максатында ишембиликке өз салымдарыны кошушту. Медициналык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева окутуучуларга, студенттерге жерлерди бөлүп берип, колледждин айланасындагы жалбырактарды тазалашып, бак-дарактарын, жандуу изгороддорду буташып  жана Олимпийский,   Фабричная, Р.Азимова, А.Орозбаев, М.Ботбаев  көчөлөрүндөгү таштандыларды   теришип  тазалашып  иретке  келтиришти. Окутуучулар жана студенттер ар жума сайын  ишембилик  өткөрүшүп,  “Таза жашоо – таза коом”  деген ураан менен  мамлекеттин өнүгүшүнө, шаардын тазалыгына  аз да болсо өз салымдарыны кошуп турушту.  

  • ИШЕМБИЛИК
  • ИШЕМБИЛИК
  • ИШЕМБИЛИК
  • ИШЕМБИЛИК
  • ИШЕМБИЛИК
  • ИШЕМБИЛИК
  • ИШЕМБИЛИК
  • ИШЕМБИЛИК
  • ИШЕМБИЛИК
  • ИШЕМБИЛИК
  • ИШЕМБИЛИК
  • ИШЕМБИЛИК