AVN







“МЫКТЫ САНАРИП ПРАКТИКАНТ” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

“МЫКТЫ САНАРИП ПРАКТИКАНТ” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
 May 31, 2021  712

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад  мамлекеттик университетинде өндүрүштүк практиканын сапатын  жакшыртуу жана  практиканттардын активдүүлүгүн жогорулатуу максатында педагогикалык багыттагы адистиктердин арасында “Мыкты санарип практикант” аттуу сынагы болуп өттү. Сынак  үч тур менен жүрдү. Биринчи турда практиканттар тарабынан жөнөтүлгөн видео сабактар, слайддар бааланды, экинчи турда көрсөтмө куралдар, ачык сабактын план конспектилери, окуучулар менен жүргүзүлгөн  кайтарым байланыштар комиссиянын мүчөлөрүнүн сынына коюлду. Үчүнчү турда практиканттардын жеке өнөрлөрү сунушталды.

Сынакка  жалпы 17 арыз түшүп, калыстар тарабынан мыктылары тандалып алынды.  Акыркы турга 8 талапкер жетип, алардын ичинен активдүү катышуучу болуп эки талапкер П-1-18 группасынын студенти Шерикбай кызы Айдай жетекчиси Райымкул кызы Айжамал, НТ-1-18 группасынын студенти Саланова Айша жетекчиси Ч.Асылбекова, III даражадагы диплом менен АТк-1-18 группасынын студенти Абдуллаева Майрам жетекчиси  Н.Айылчиева, II даражадагы диплом менен БКМк-1-18 группасынын студенти Байзакова Зарина жетекчиси Э.Маткаримова, I даражадагы диплом менен БКМб-3-18 группасынын студенти Мамашарипова Айзат жетекчиси К.Таштанова сыйланышты.

      Сынакты өткөрүүгө көмөкчү болгон комиссиянын курамы; окуу бөлүмүнүн башчысы, б.и.д., профессордун м.а. З.И.Сакбаевага (комиссиянын төрайымы), мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор А.Д.Дорановага, сапат бөлүмүнүн бөлүм башчысы ф.и.д., профессордун м.а. Г.С.Токоевага, Комфуций институтунун директору фил.и.к., доцент М.Р.Шакировага, окумуштуу катчы п.и.к., доцент Р.С.Нусуповага, МТ жана КТТнын директору А.М.Термечиковага, медициналык колледждин “Дарылоо жана акушердик иш” бөлүмүнүн бөлүм башчысы А.А.Ормогоевага, окуу бөлүмүнүн  кызматкери А.А.Темировага жана адистер бөлүмүнүн  инспектору Алимжан кызы Айганышка ыраазычылык билдиребиз.

   Бул маалыматты “Өндүрүштүк практика жана карьера” бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, сынактын уюштуруучусу Н.С.Жолдошалиева билдирди.

  • “МЫКТЫ САНАРИП ПРАКТИКАНТ” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • “МЫКТЫ САНАРИП ПРАКТИКАНТ” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • “МЫКТЫ САНАРИП ПРАКТИКАНТ” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ