AVN







ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ

ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
 May 29, 2021  572

Табигый-техникалык факультетинин Биология кафедрасынын Бк-1-20 тайпасынын студенттери 2021- жылдын 3-майынан тартып 17-майга чейинки “Өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы” жана “Омурткасыздардын зоологиясы” предметтеринен профессионалдык-базалык практикага чыгышты.

Студенттер талаа практикасын Жалал-Абад курортунун айланасында, Жалал-Абад илимий борборунда, Токтогул паркында,  жана АТФнын айланасында практика жетекчилеринин көзөмөлүндө болуп, офлайн түрүндө өтөп келишти. Ошондой эле студенттер практиканын талаптарына ылайык өсүмдүктөрдөн гербарий жасап, омурткасыздардын коллекцияларын чогултушуп, алар боюнча отчёт беришти.

Практиканы жыйынтыктоочу конференция уюштурулуп, анын жүрүшүндө практика жетекчиси К. Д.Камчыбекова өз сөзүндө практиканын максаты: өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын адамдын жашоо тиричилигиндеги жана айыл чарбасындагы ээлеген ордун, маанисин үйрөтүү болуп саналаарын айтып өттү. Биология кафедрасынын профессордук –окутуучулук курамы студенттердин  отчётторун баалап, мындан аркы окууларына, изденүүлөрүнө ийгиликтерди каалаганучурда конференцияны жыйынтыкташты.

  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ
  • ОМУРТКАСЫЗДАРДЫН ЗООЛОГИЯСЫ