AVN







“ДЕН СООЛУК – 2018” СПАРТАКИАДАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

“ДЕН СООЛУК – 2018” СПАРТАКИАДАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
 Jan 13, 2018  1220

   

  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар жамаатынын жана жана кызматкерлеринин арасында кышкы “Ден соолук – 2018”  спартакиадасы жыйынтыкталды.

   Кышкы "Ден-соолук - 2018" спартакиадасына  университеттин 700дөн ашуун профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлери катышып, алты спорттун түрү боюнча 9 команданын ортосунда таймаш жүрдү. Алар кичи футбол, стол үстүндөгү тенис, тогуз коргоол, шахмат, аркан тартыш жана волейбол оюндары болду.

    Оюндардын жыйынтыгы чыгарылып, жалпы командалык боюнча: биринчи орунду Жалал-Абад колледжи ээлеп 10000 (он миң) сом акчалай сыйлыкка ээ  болду. Экинчи орунду медициналык колледжи алып 9000 (тогуз миң) сом ыйгарылды. Ал эми үчүнчү орунду административдик-башкаруу кызматкерлери багындырып, 8000 (сегиз миң) сом алса, төртүнчү орун педагогика жана маалымат технологиялар факультетине берилип, 7000 (жети миң) сом  акчалай сыйлык алышты. Андан сырткары калган катышуучу командаларга 2000 (эки миң) сомдон тапшырылды.

   ЖАМУнун ректору Кеңешбек Жумабекович Усенов оюнчуларды спорттук майрамы менен куттуктап, аларга ден соолук каалап өттү. “Ден соолук – 2018” спартакиадасы университеттин жалпы жамаатынын ортосундагы биримдикти, ынтымактуулукту чыңдайт. Биримдикке жараша ийгиликтер, жетишкендиктер жаралат. Өткөрүлгөн спартакиада ушул жылы белгиленип жаткан окуу жайыбыздын 95 жылдык мааракесине арналат. 95 жылдык юбилейди өткөрүү алкагында да спорттук оюндар уюштурулат, иш чарага башка жогорку окуу жайлардан да келген командалар менен таймаш өткөрүп, ийгиликтерге жетебиз” – деген оюн билдирди.

    Ал эми бүгүнкү оюндун жыйынтыгы менен мыктылардын мыктысы тандалып, 2018-жылдын июнь айында Ысык-Көлдө өтүүчү “Ден соолук – 2018” спартакиадасына катышууга  жолдомо алышты.