AVN







ПРОФОРИЕНТАЦИЯЛЫК ИШТЕР УЛАНУУДА

ПРОФОРИЕНТАЦИЯЛЫК ИШТЕР УЛАНУУДА
 May 28, 2021  627

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы "Философия жана гуманитардык илимдер" кафедрасындагы Социалдык иш багыты боюнча Профориентациялык иштер жүргүзүлүүдө.  

Кафедранын окутуучулары шаардагы жана аймактардагы мектептерге барышып бүтүрүүчүлөр менен жолугушуп жана аралыктан жолугушууларды уюштурууда. Анда социалдык иш багыты боюнча маалыматтарды берип, ошондой эле жалпы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги адистиктер боюнча таркатма материалдар- брошюралар таратылды. Андан сырткары ЖАМУнун алдындагы Жалал-Абад колледжинин социалдык иш адистигинде окуган бүтүрүүчү курстарына билимин жогорулатуусу боюнча жолугушуу уюштурулуп, профориентациялык иштер жүргүзүлдү. Жолугушууга кафедранын жана колледждин окутуучулары ошондой эле бүтүрүүчү курстун студенттери катышышты.

  • ПРОФОРИЕНТАЦИЯЛЫК ИШТЕР УЛАНУУДА
  • ПРОФОРИЕНТАЦИЯЛЫК ИШТЕР УЛАНУУДА