AVN







ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ

ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ
 May 27, 2021  490

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекетти университетинин Жалал-Абад колледжинин  Экономика жана туризм ПЦКсынын  «Салык жана салык салуу» адистигинин ССк-2-18 тайпасынын студенттеринин   мамлекеттик практикасынын  отчетторун тапшыруу боюнча жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга ЖАМУнун практика жетекчиси С. Н. Жолдошалиева, ЖАК тын практика жетекчиси Т.У.Кайкиева жана уюштуруучулар практика жетекчилери З.Ахмедова, Ж.Темирбаева катышышты.

Студенттер практика өтөп жаткан учурдагы ийгиликтери, жетишкендери жана кемчиликтери жөнүндө сүйлөп беришти. Документ иштеринде күндөлүктөрүн толтурушуп, отчетторун жазып, банкка бөлүнгөн студенттер өздөрүнө тиешелүү тиркемелерди отчетторуна белгилеген.  Өндүрүштүк практика менен мамлекеттик практиканын айырмачылыктарын, артыкчылыктарын айтып жатышты. Ал эми Мамлекеттик салык кызматына чыгышкан  студенттерибиз практика өтөп жатып өздөрүнүн жогорку билимин көрсөтө алгандыктан ошол эле салык кызматына жумушка орношуу үчүн стажировкада калуу боюнча сунуштар түшкөн . Бул студенттин жана окутуучулардын – ийгилиги!

Жыйынтыгында ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  Нурия Жолдошалиева  сөзгө чыгып, конференция эң жогорку денгээлде уюштурулгандыгын жана студенттерге өзүнүн кеп-кеңешин айтып келечекте өздөрүнүн  адистиги боюнча иштөөсүнө багыт берип, студенттерге жана практика жетекчилерине ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.

ЖАКтын практика жетекчиси Улпат Кайкиева сөз сүйлөп, өндүрүштүк практиканын конференциясы онлайн форматта өткөндүгүн, кемчиликтер болгондугун ал эми бүгүнкү жыйынтыктоочу конференциясы  жогорку денгээлде өткөндүгүн айтты. Документтердин баардыгы кабыл алынып, студенттердин аткаркан иштери  дээрлик баары  бааланды.

  • ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ
  • ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ