AVN







КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА

КВАЛИФИКАЦИЯ   АЛДЫНДАГЫ   ПРАКТИКА
 May 26, 2021  760

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин “Фармация жана медайымдык иш” бөлүмүнүн “Медайымдык иш” адистигинин Сд-1-18, Сд-2-18 тайпаларынын студенттери 2021-жылдын 12-апрелинен 15-майына чейин 5 жумалык квалификация алдындагы практикаларын Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалга байланыштуу коллежде офлайн түрүндө өтүштү. Квалификация алдындагы практиканы жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү.                                         Квалификация алдындагы практиканын  максаты: терапия,  хирургия, педиатрия ооруларын  кароодогу манипуляцияларды аткаруу техникаларын үйрөнүү. Студенттер практика учурунда дем алуу, чөнтөк инголяторун пайдалануу, артериялык кан басымды өлчөө, тамыр кагуусу, дарыларды колдонуу, тазалоочу клизма, кусууга жардам көрсөтүү, ашказанды жуу, дене табын өлчөө, тери астына ийне саюу, перифериялык венадан кан алуу, мазь сүйкөө, тери ичине ийне саюу,  какырык алуу, кулакка жана мурунга дары каражаттарын колдонуу, байлап тааңуу, цистастома менен коюлган оорулууну кароо, чепец тануусу, шапка Гепократта таңуусу боюнча процедураларды үйрөнүштү.                                             

Практика жетекчилери Чымбердиева Гүлүмкан, Сатарова Айнура, Осмоналиева Мээркан, Ибраимова Нурсулуу, Абдыжапарова Айчүрөк. Квалификация алдындагы практиканы жыйынтыктоо конференциясына Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин карьера жана практика бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.А.Жолдошалиева, колледждин директордун тарбия иштер боюнча орун басары  Г.Темирбаева, директордун окуу иштер боюнча орун басары А.Курстанбаев, бөлүм башчы С.Термечикова, окутуучу Д.Болотова жана практика жетекчилери катышышты. Квалификациялык практика жогорку деңгээлде уюшулуп, өткөрүлдү. Конференциянын жүрүшүндө Сд-1-18 тайпасынын студенти Кадырбек кызы Гүлүмкан жаратты таңуу, Сд-2-18 тайпасынын студенттери  Бегматова Айчүрөк көзгө, мурунга даары куюу, Абдыкаарова Элнура жамбаш булчунга ийне саюу, Бакыбаева Назима клизма кылуу, Якубжанова Юлдуздар тамырга ийне саюу процедураларынын аткаруу техникаларын көрсөтүштү. Конференциянын жыйынтыгында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьера жана практика боюнча жетекчиси Н.А.Жолдошалиевага, бөлүм башчы С.Термечиковага, директордун тарбия иштер боюнча орун басары Г.Темирбаевага сөз берилип, практиканын жакшы жагын, жаман жагын айтышып, бүгүнкү студент эртенки биз сыймыктанган мыкты адис болгула деп студенттерге каалоо тилектерин каалап өтүштү.

  • КВАЛИФИКАЦИЯ   АЛДЫНДАГЫ   ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯ   АЛДЫНДАГЫ   ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯ   АЛДЫНДАГЫ   ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯ   АЛДЫНДАГЫ   ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯ   АЛДЫНДАГЫ   ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯ   АЛДЫНДАГЫ   ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯ   АЛДЫНДАГЫ   ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯ   АЛДЫНДАГЫ   ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯ   АЛДЫНДАГЫ   ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯ   АЛДЫНДАГЫ   ПРАКТИКА