AVN







ПРОГРАММИСТ-ЗАМАНДЫН ЭҢ КЕРЕКТҮҮ АДИСИ

ПРОГРАММИСТ-ЗАМАНДЫН ЭҢ КЕРЕКТҮҮ АДИСИ
 May 25, 2021  537

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинде “Автоматташтырылган системалар жана математика ” ПЦКсынын окутуучулары тарабынан ПОВТАС жана БАС адистигинин студенттери үчүн конок лекция уюштурулду. Конок болуп 3000 жылдык карт тарыхы бар, ордолуу Ош техникалык университетинин, техника илимдеринин кандидаты Сопубеков Нематилла  жана “КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ” ААК Жалал-Абад областтык филиалынын маалыматтык техникалык камсыздоо группасынын жетекчиси Ибраимов Бактияр “Программист-замандын эң керектүү адиси”жана “Тармактык технологиялар” темасындагы конок лекциялар өткөрүлдү.

Студенттер коноктордун кеп кеңештерин угушту жана кызыккан суроолорун берүү менен көптөгөн маалыматтардын ээси болушту.  Ошону менен катар Жалал-Абад колледжинин директорунун окуу иштери боюнча  орун басары Маматумаров Абубакир сөз сүйлөп келген конокторго ыраазычылык билдирди. “Биздин студенттердин терең билим алуусуна салым кошуп, алыстан ат арытып келгениңиздерге ыраазычылык билдирем. Сиздердин да иштериңиздерде ийгиликтер арбын болуп, жакшы жетишкендиктердин ээси болуңуздар” – деген каалоо-тилегин айтып өттү.

Чакырылган конокторго  Жалал-Абад колледжинин атынан ыраазычылык кат тапшырылды. Андан сырткары конок лекциянын соңунда  “Автоматташтырылган системалар жана математика ” ПЦКсынын башчысы Калдарова Динара  сөз сүйлөп келген конокторго ыраазычылык билдирип, студенттердин окууларына ийгиликтерди каалады.

  • ПРОГРАММИСТ-ЗАМАНДЫН ЭҢ КЕРЕКТҮҮ АДИСИ
  • ПРОГРАММИСТ-ЗАМАНДЫН ЭҢ КЕРЕКТҮҮ АДИСИ
  • ПРОГРАММИСТ-ЗАМАНДЫН ЭҢ КЕРЕКТҮҮ АДИСИ