AVN







СПАРТАКИАДА ЖҮРҮҮДӨ

СПАРТАКИАДА ЖҮРҮҮДӨ
 Jan 13, 2018  971

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар жана кызматкерлер арасындагы “Ден соолук – 2018” спартакиадасы жүрүүдө. Таймашта алты спорттун түрү боюнча мелдеш жүрүп, айрымдарынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

    Улуттук оюнубуз болгон Тогуз коргоол оюну боюнча мырзалар арасында биринчиликти Жалал-Абад колледжи алды, экинчи орунду медициналык колледжи ээледи. Ал эми үчүнчү орунду педагогигалык факультети багындырды.

    Ошондой эле айымдар арасында алдынкы орунду ректорат, андан кийинки байгелүү орунду педагогикалык факультети алды. Үчүнчү орунга экономикалык-юридикалык факультети жетти.

    Ал эми теннис боюнча аялдар арасында биринчиликти ректорат, экинчи медициналык колледжи жана үчүнчү орунду табигый техникалык факультети ээледи. Аталган оюндун эркектер арасында таймашта алдынкы орунду Жалал-Абад колледжи, экинчиликти педагогикалык факультети, үчүнчүнү медицина факультети ээледи.

    Андан сырткары кичи футбол эркектер арасында болуп, андан биринчиликти мед. колледж, экинчи орунду Жалал-Абад колледжи жана үчүнчү орунду кенже көмөкчү чарба кызматкерлери ээледи.

   Волейбол боюнча эркектер арасында жана айымдар арасында байгелүү орундар боюнча бүгүн таймаш болот.

  Эскерте кетсек “Ден соолук – 2018” спартакиадасына жалпы 360тан ашуун оюнчу катышып, 9 команданын ортосунда таймаш жүрүүдө.