AVN







СТУДЕНТТЕР МИКРОЭЛЕМЕНТТЕРДИ ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ПРАКТИКАДА АНЫКТАШТЫ

СТУДЕНТТЕР МИКРОЭЛЕМЕНТТЕРДИ ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ПРАКТИКАДА АНЫКТАШТЫ
 May 25, 2021  566

Табигый-техникалыкфакультетинин Химия кафедрасында

кесиптик-базалык (өндүрүштүк) практиканы жыйынтыктоочу конференциясы болду.

 Х-1-20 тайпасы 2021- жылдын 3-майынан 15-майга чейин кесиптик-базалык (өндүрүштүк) практикада болуп кайтышты. Студенттер практика учурунда Жалал-Абад шаарындагы Стандартизация жана метрология  борбору, Жалал-Абад суу чарба башкармалыгында жана Жалал-Абад санаториясында болушту. Практиканын алкагында студенттер ишканаларда жүрүүчү процесстер менен таанышып, теориялык билимдерин практика жүзүндө колдонушту. Ошондой эле санаториядан чыккан даары булак сууларына анализ жүргүзүшүп анын курамындагы микроэлементтерди лабораториялык практикада аныкташты.

Конференцияга Химия кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Н.Б Арстанбекова  жана профессордук- окутуучулар курамы катышышты. Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурундагы жетишкендиктери жана кемчилдиктери жөнүндө айтышты. Студенттер практика учурундагы алган маалыматтарын презентация аркылуу көрсөтүп  жана практика жетекчилери тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.

Жыйынтыктоочу конференциянын жыйынтыгында Химия кафедрасынын профессордук –окутуучулук курамы студенттерге ийгиликтерди каалашты.

  • СТУДЕНТТЕР МИКРОЭЛЕМЕНТТЕРДИ ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ПРАКТИКАДА АНЫКТАШТЫ
  • СТУДЕНТТЕР МИКРОЭЛЕМЕНТТЕРДИ ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ПРАКТИКАДА АНЫКТАШТЫ