AVN

ЖАМУДА Р. АБДЫКАДЫРОВДУН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ КАРАТА СЫНАК УЮШТУРУЛУУДА

ЖАМУДА Р. АБДЫКАДЫРОВДУН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ КАРАТА СЫНАК УЮШТУРУЛУУДА
 May 22, 2021  505

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде залкар обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдык мааракесине  карата сынак уюштурулууда.

Сынактын тандоо туру  ЖАМУнун алды “Рыспай Абдыкадыров”  атындагы клубунда өткөрүлүүдө. Ага Жалал-Абад облусунун таланттуу жашоочулары Р. Абдыкадыровдун сейрек аткарылуучу ырларын жана ага арналган чыгармаларды аткарышат.

Сынактын уюштуруучуларынын айтымында, сынактан өткөн женүүчүлөр КТРКнын  маданият жана маалымат телеканалынын тандоо туруна катышышат. Ал жерден да калыстардын купулуна толуп, жеңүүчү аталса, Филармонияда өтүлүүчү гала концертке катышат. Алдынкы орундардын ээлери КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты тарабынан даярдалган сыйлыктардын ээси болушат.

Рыспай Абдыкадыров атындагы эл аралык клубу тарабынан бардык облустарда сынактын тандоо турлары өтүүдө.

  • ЖАМУДА Р. АБДЫКАДЫРОВДУН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ КАРАТА СЫНАК УЮШТУРУЛУУДА