AVN







КИТЕП- БИЛИМ БУЛАГЫ

КИТЕП- БИЛИМ БУЛАГЫ
 May 22, 2021  895

  Табигый-техникалык факультетинин Химия кафедрасында,  Молдошева Гүлбурак жана Х-1-20 тайпасынын уюштуруусунда китеп окуунун маныздуу сырлары, китеп жөнүндөгү кызыктуу маалыматтар туурасында “Китеп – билим булагы ” темасында    конференция өткөрүлдү.

         Конференцияга факультететтин окутуучулары жана студенттери катышышты.  Конференциянын уюштуруучулары Х-1-20 тайпасынын студенттери Рахманкулов Айбек , Кенентаева Айзирек, Жолборсова Алтынай, ж.б.  китеп жөнүндөгү кызыктуу маалыматтарды камтыган баяндамалары, слайдвидео материалдары конференциянын катышучулары үчүн кызыгууларды жаратты. Баяндамалар ушул эле тайпанын студенти  Кыялбек кызы Мээримдин  өздүк автордук көркөм окуусу  менен   коштолду.

         Конференциянын  экинчи бөлүгүндө уюштуруучулар тарабынан конференциянын катышуучулары викториналык суроолорго жооп беришти. Викторинанын жыйынтыгы боюнча магистрант Сулайманова  Айназик жана Химия кафедрасынын башчысы Н.Б.  Арстанбекова  эң көп суроолорго тапкычтык менен жоопторду табышып, кызыктыруучу маанилүү байгелерге ээ болушту.

  • КИТЕП- БИЛИМ БУЛАГЫ
  • КИТЕП- БИЛИМ БУЛАГЫ
  • КИТЕП- БИЛИМ БУЛАГЫ
  • КИТЕП- БИЛИМ БУЛАГЫ
  • КИТЕП- БИЛИМ БУЛАГЫ