AVN







СТУДЕНТТИН ЖАНА ОКУТУУЧУЛАРДЫН – ИЙГИЛИГИ

СТУДЕНТТИН ЖАНА ОКУТУУЧУЛАРДЫН – ИЙГИЛИГИ
 May 20, 2021  546

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин Экономика жана туризм ПЦКсынын «Каржы» (тармактары боюнча) адистигинин ФК-01-19,ФК-2-18 тайпаларынын студенттеринин   мамлекеттик практикасынын  отчетторун тапшыруу боюнча жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси С. Н. Жолдошалиева,  ЖАК тын практика жетекчиси Т.У.Кайкиева жана уюштуруучулар практика жетекчилери  Н. Тукуева, А.Калмурзаева, А.Кочкорова катышышты.

Студенттер практика өтөп жаткан учурдагы ийгиликтери, жетишкендери жана кемчиликтери жөнүндө сүйлөп беришти. Документ иштеринде күндөлүктөрүн толтурушуп, отчетторун жазып, банкка бөлүнгөн студенттер өздөрүнө тиешелүү тиркемелерди отчетторуна белгилеген.  Өндүрүштүк практика менен мамлекеттик практиканын айырмачылыктарын, артыкчылыктарын айтып жатышты. Ал эми банкка чыгышкан айрым студенттерибиз практика өтөп жатып өздөрүнүн жогорку билимин көрсөтө алгандыктан ошол эле банктарга жумушка орнош үчүн стажировкада калуу боюнча чакыруу алышкан. Бул студенттин жана окутуучулардын – ийгилиги!

Жыйынтыгында ЖАМУнун практика жетекчиси Нурия Жолдошалиева сөзгө чыгып, конференция эң жогорку денгээлде уюштурулгандыгын жана студенттерге өзүнүн кеп-кеңешин айтып келечекте өздөрунүн адистиги боюнча иштөөсүнө багыт берип, студенттерге жана практика жетекчилерине ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.

ЖАКтын практика жетекчиси Улпат Кайкиева сөз сүйлөп, өндүрүштүк практиканын конференциясы онлайн форматта өткөндүгүн, кемчиликтер болгондугун ал эми бүгүнкү жыйынтыктоочу конференциясы  жогорку денгээлде өткөндүгүн айтты. Документтердин баардыгы кабыл алынып, студенттер дээрлик баары бааланды.

  • СТУДЕНТТИН ЖАНА ОКУТУУЧУЛАРДЫН – ИЙГИЛИГИ
  • СТУДЕНТТИН ЖАНА ОКУТУУЧУЛАРДЫН – ИЙГИЛИГИ