AVN







Техникалык коопсуздук жана электр эсептегич АСКИУО (конок лекция)

Техникалык коопсуздук  жана электр эсептегич АСКИУО (конок лекция)
 May 20, 2021  683

Жалал-Абад колледжинин «Электр менен камсыздоо» , «Электр станциялары, тармактар жана системалар» адистигинин ЭСк-2-18, ЭССк-2-18 тайпаларынын студенттерине конок лекция өтүлдү. Ага “Жалал-Абад Электро”ААК техникалык коопсуздук бөлүмүнөн Э.Шайдуллаев келип, студенттер менен пикир алмашты.

Бул адистике билим алып жаткан  студенттер практикага барган күндөн баштап техниалык коопсуздук эрежелери менен таанышып,аны так жана туура аткаруу керек экендигин билишчү, практик агай да бул нерсеге кеңири токтолуп, ар бир студент же жаңы жумушка орношкон жаран техникалык коопсуздук эрежелерди так билүүсү жана аны туура аткаруу керек экендиги эн башкы нерсе экендигин  жана иш учурунда ар кандай кокустуктардын алдын алуу үчүн атайын иштелип чыккан эрежелерге да көңүл буруу керек экендигин баса  белгилеп кетти. Ошондой эле азыркы учурдагы электр эсептегич АСКИУО жөнүндө кеңири маалымат берип, анын иштөө жолдорун айтып берди.

 Студенттер Э.Шайдуллаевге өздөрү кызыккан суроолорду беришти жана жеткиликтүү жоопторду ала алышты.Практик агай тарабынан өткөрүлгөн лекция кызыктуу болду.Студенттер конок лекциялар көбүрөөк болуусун, практик адистердин окуу жай менен тыгыз иш алып баруусун сунушташты.

  • Техникалык коопсуздук  жана электр эсептегич АСКИУО (конок лекция)
  • Техникалык коопсуздук  жана электр эсептегич АСКИУО (конок лекция)