Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу корпустарынын санитардык абалы текшерилди. Текшерүү окуу жайдын медициналык пунктунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.
Медициналык пунктун врачы Нурсулуу Ибраимованын айтымында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-2021-окуу жылынын жазгы семестринде окуу процессин аралаш окутуу форматында уюштуруунун алгоритмин бекитүү жөнүндөгү буйругуна ылайык жана Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 11.02.2021-жылдагы чыгарылган №01-17-46 катынын негизинде ар күнү негизинде окуу жайдын медициналык пунктунун дарыгери Ибраимова Нурсулуу жана Касымбекова Тахмина тарабынан имараттарга рейд жүргүзүлүп турат.
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде1-апрельден тарта бардык адистигинде билим алып жаткан студенттердин окуулары гибриддик форматта өтүлө баштады. Офлайн окугандыгына байланыштуу студенттердин жана окутуучулардын ден-соолугуна кам көрүү максатында имараттардын санитардык абалы дезинфекцияланууда.
Текшынтыгында, сабак башталгандан тарта төмөндөгү эрежелерди сактоо зарылдыгы эскертилди:
Кире бериш жерде жооптуу адамдар туруусу:
Имаратка кирген бардык адамдардын дене табын контаксыз өлчөө керектиги;
Кирген адамдарда жөтөлдүн, энтигип дем алуунун, сасык тумоонун болуусуна байкоо жүргүзүү жана ал жөнүндө кыскача сураштыруу;
Имаратка кирүү учурунда адамдардын 1-1,5 метр физикалык аралыктын сакталышы;
Дене табы жогору болгон жана инфекциянын белгилери бар адамды аныктоодо кичи пейил жана сылык формада имараттын ичине кирбөөнү жана ҮМБдагы дарыгерге же колл-борборго кайрылуусу керектигин түшүндүрүү;
Окуу имаратына бет капсыз кирүүгө жана бет капсыз жүрүүгө тыюу салынары;
Факультеттерде жана колледждерде кафедрага кире бериште колду дезинфекциялоо үчүн антисептикалык каражаттардын болуусу камсыздалышы керектиги;
Эшиктердин туткалары хлорлонгон материалдар менен байланып жана такай алмаштырып туру керектиги:
Негизинен бардык коюлган талаптар аткарылууда тактап айтканда санитардык шарттарды аткаруу иштери күчөтүлдү .Оорулардын алдын алуу максатында санитардык абалдын эрежелерин сактоо үчүн мындай текшерүүлөр тез-тез өткөрүлүп жаткандыгын билдирди мед пунктун врачы И.Н.Ибраимова.