AVN







КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА

КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА
 May 18, 2021  565

Жалал-Абад колледжинин «Электр менен камсыздоо» , «Электр станциялары,  тармактар жана системалар» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн ЭСк-2-18, ЭССк-2-18 группаларынын квалификация алдындагы практикасынын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга жалпы 31 студент катышып, квалификация алдындагы практикасында аткарган жумуштарын жол карта боюнча  презентациялашты.

         Конференцияга  ЖАМУнун  практика  жана  карьера боюнча жетектөөчү адиси Н.СЖолдошалиева,  ЖАКтын директору п.и.к., доценти Б.М. Турдубаева , ЖАКтын өндүрүштүк  окуу иштери боюнча директордун орун басары Ү.Т.Кайкиева  жана практика жетекчилери А.Курбанов ,                Э. Сайназаров, Ж.Капарова жана «Энергетика жана физика» ПЦКсынын  башчысы С.Шаимкулова катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө  студенттер практика учурундагы жетишкендиктер менен кошо айрым кемчиликтерди  көрсөтүштү. Студенттердин отчеттору, күндөлүктөрү атайын түзүлгөн жол карта менен дал келет. Ар бир районго жана Жалал-Абад шаарындагы электр тармактарына чыккан студенттер практика учурундагы иш-аракеттерин презентация аркылуу көрсөтүп беришти жана практика жетекчилери тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.  Райондук электр тармактарына практикага чыккан студенттерди жумушка алып калуу сунуштарын өндүрүш жетекчилери билдиришти.

Мисалы: ЭСк-2-18 тайпасынан Жанкорозов Орозмамат , Мусаев Нурсултан , ЭССк-2-18 тайпасынан Жоробаев Нурболот  , ал эми Жалал-Абад  РЭТке Аджимамат уулу Камчыны, Ускенбаев Омурбек  жумушка чакырышкандыгын баса белгилеп айтып өтүштү.

Конференциянын жыйынтыгында студенттер тарабынан сунуштар да айтылды.ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева өткөрүлгөн конференцияда студенттердин презентацияларын, отчетторун жакшы деп баалап, өз максатына жеткендигин баса белгиледи.

  • КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА