AVN







СПАРТАКИАДАНЫН АЛГАЧКЫ ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

СПАРТАКИАДАНЫН АЛГАЧКЫ ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
 Jan 10, 2018  884

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы арасында “Ден-соолук – 2018” аталышындагы спартакиаданын алкагында шахмат ойнолуп жыйынтыгы чыгарылды.   Оюн 9-январда ЖАМУнун чоң жыйындар залында оорун алып, ага жалпы эркектерден 18, аялдардан 16  оюнчу катышты.

    Таймаштын жыйынтыгында эркектер арасында биринчиликти ректорат багындырды, оюнчулар (Кеңешбек Усенов, Жеңиш Куваков). Экинчиликти Жалал-Абад колледжи ээледи (оюнчулары Марип Бекешов, Идирис Абдуллаев).  Ал эми үчүнчү орунду медицина факултети багындырды (оюнчулар Жунус Ташболотов, Тайтокур Жусубаелиев).

   Ошондой эле аялдар арасында биринчи орунга Жалал-Абад колледжи жетти (оюнчулар Күмүшай Мырзабаева, Бермет Темиркулова). Экинчи орунду педагогикалык факултети алды (оюнчулар Аширхан Мырзабаева, Махабат Бекназарова). Үчүнчү орунду медицина колледжи ээледи (оюнчулар Гүлзада Акматова).

    Эскерте кетсек мелдеш айлампа түрүндө жүргүзүлүп, эркектерден 9 команданын, аялдар арасында 8 команданын ортосунда таймаш болду.