AVN

АДИСТЕРДИ ТАНДОО БАЗАР ЭКОНОМИКАСЫНЫН ШАРТЫНДА

АДИСТЕРДИ ТАНДОО БАЗАР ЭКОНОМИКАСЫНЫН ШАРТЫНДА
 May 18, 2021  493

Биология кафедрасынын окутуучулары "Адистерди тандоо базар экономикасынын шартында"  деген темада биология адистигинин бүтүрүүчүлөрү жана иш берүүчүлөр менен жолугушуу  өткөрүштү.  Жолугушууга Жалал-Абад шаарындагы С. Давлетов атындагы №14 гимназия мектебинин админстрациясы,  Сузак районундагы Э. Төрөбаев атындагы №63 ж.б.б. мектебинин директору Гүлзар Бедиярова, Жалал-Абад Айылдык Консультациялык Кызматынын директору Сыргабек Жайболотов,  ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Н.С.Жолдошалиева жана ар кайсы райондордогу мектептерде иштеген биология адистигинин бүтүрүүчүлөрү ( Сузак, Базар-Коргон району, Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаары, Илимий изилдөө медициналык-социалдык институту) катышышты. Анда биология боюнча айрым көйгөйлөр жөнүндө ой бөлүшүп, өздөрүнүн сунуштарын беришти жана кесипкөйлөрдүн ортосунда окуу пландары жана окуу китептери боюнча кызуу талкуулар болду.

         Иш берүүчү Жайболотов Сыргабек- жоопкерчиликтүү жаштарга долбоор менен иштөөнү үйрөтүп, аны практикада жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөөрүн айтып, биргеликте тыгыз иштешүүгө чакырды. Кафедранын окутуучулары адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы предметинен эксперименталдык иштерди жасоонун айрым  ыкмаларын жана  өсүмдүктөрдүн систематикасы предметинен жергиликтүү флораны жыйноо ыкмалары боюнча  тажрыйба алмашышты – деп маалымдады кафедра башчысы К. Асанова.

  • АДИСТЕРДИ ТАНДОО БАЗАР ЭКОНОМИКАСЫНЫН ШАРТЫНДА